13.09.2018 10:25

Бишкекте жарылуу тууралуу жалган маалымат берген «бейбаш» 72 жаштагы жаран болуп чыкты

Бишкекте жарылуу тууралуу жалган маалымат берген «бейбаш» 72 жаштагы  жаран болуп чыкты

Бишкектеги көчөлөрдүн кесилишинде жарылуу болоору тууралуу жалган маалымат берген адам 72 жаштагы тургун болуп чыкты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2018-жылдын мартында Бишкек ШИИББинин нөөмөт кызматына белгисиз адам чалып, Жаш Гвардия жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде жарылуу болоорун маалымдаган. Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын жана УКМКнын кызматкерлери чыгып, текшерүү учурунда эч кандай шектүү же жарылуучу заттар табылган эмес.    

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК 1946-жылкы С.К. аттуу жаранды кармады. Ал мас абалында телефон чалып, жалган маалымат бергенин мойнуна алды.

Бул факт боюнча 228-берене (терроризм актысы боюнча атайылап жалган маалымат берүү)  менен кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүүдө.